Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
VI сессиясынын
2025-жылдын 8-августундагы №9
“Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуу” наамын ыйгаруу жөнүндө Кыз-Көл айыл аймагындагы тургундарынын элдик жыйындарындагы протоколдорун карап, айыл аймагынын айылдык кеңешинин сунуштарын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн төмөндөгү жарандарга Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Элеманов Абдирашид Исмаилович Чымчык-Жар айылы
- Сатаров Шааке Турдуназарович Чымчык-Жар айылы
- Калмурзаев Максатбек Тургунбаевич Чымчык-Жар айылы
- Күчүкбаев Жылдызбай Митанович Кыз-Көл айылы
- Абдыкаев Мамат-Шукур Арзиматович Ак-Тоок айылы
- Мурзабдиллаев Таалайбек Тургунбаевич Ак-Тоок айылы
- Сарыбаев Бекжан Балбаевич Карамарт айылы
- Бакиева Сардалкан Кевековна Кашка-Терек айылы
- Болотов Кудайкул Жунусович Жаңы-Арык айылы
- Эгембердиев Жамгырчы Карыбекович Катыраңкы айылы
- Айылчиев Чырмаш Абдубалиевич Катыраңкы айылы
2.Ардактуу атуул берүү боюнча иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы соц.адиси М.Кадыровго жүктөлсүн.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине
жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |