Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы №174
«“Бен Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомунан түшүүчү социалдык пакет жөнүндө »
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын жаштарынын кайрылуусуна ылайык, айылда волейбол ойноочу зал жок экендигине байланыштуу, “Бен Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомунан социалдык пакет үчүн түшүүчү 1 200 000 (бир миллион эки жүз мин) сом каражатты волейбол ойноочу зал куруу үчүн смета-проект даярдатууга бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылына айыл жаштарынын кайрылуусуна ылайык, “Бен Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомунан 2025-жылга карата социалдык пакет үчүн түшүүчү 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты волейбол ойноочу зал куруу үчүн смета-проект даярдатууга бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |