Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
VI сессиясынын
2025-жылдын 8-августундагы №10
“Кызыл-Кыя айылынын тургуну
Кайыпов Адилбекке материалдык
жардам берүү жөнүндө”
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургуну Кайыпов Адилбектин жазган арызын карап жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Кыя айылынын тургуну Кайыпов Адилбектин үй-бүлөлүк шарты оор болгондугуна байланыштуу бутун аперация кылуу үчүн каражаты жок болгондуктан айылдык кеңештин депутаттарынын чечиминин негизинде айыл өкмөтү тарабынан мыйзам чегинде 17 000 (он жети миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго жүктөлсүн.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине
жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |