Редакцияот 03.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

  2025-жылдын 3-декабрындагы №175

 

«А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кошумча жумушу үчүн акча каражат карап берүү жөнүндө»

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Ж Сенирбаевдин 2025-жылдын 01-декабрындагы 01-13/6306 чыгыш сандуу кайрылуусуна ылайык, Ак-Терек айылынын Горняк-2 көчөсүнө курулуп жаткан А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кошумча жумуштары үчүн 12 990 834,42 сом акча каражатын которуп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1 Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Горняк-2 көчөсүнө курулуп жаткан А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кошумча жумуштары үчүн 12 990 834,42 (он эки миллион тогуз жүз токсон мин сегиз жүз отуз төрт) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

       2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

      3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Терек – Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

               Абибакир у. Ж.