Редакцияот 18.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IV сессиясы

 

 

2025-жылдын 18-февралындагы  № 4/16

 

“Көмүр-Кен” жоопкерчилиги чектелген коому жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевдин билдирүүсүн угуп,

талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Көмүр-Кен” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Арстанбеков Исамидиндин арызы боюнча Кара-Күңгөй участкасынан таштанды төгүп пайдаланууга 7,15(жет бүтүн ондон беш) га жер тилкесине макулдук берилсин.

 

  1. Техникалык долбоордо көрсөтүлгөн 7,15(жет бүтүн ондон беш) га жер тилкеси муниципалдык менчикке өткөрүлсүн, жеринде барып көрүп тактап мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сулайманкуловко милдеттендирлисин .
  2. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:

 

  1. Ушул токтом расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевге жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага М.Шаршеналы уулу