Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги
VI сессиясынын
2025-жылдын 8-августундагы №12
“Кыз-Көл Таза Аймак” муниципалдык
ишканасына акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Кыз-Көл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын Таза суу боюнча бөлүм башчысы Жээнелиев Арстандын сунушун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл, Ак-Тоок, Каду айылдарына чыгарылган Таза суунун электр энергиясынын иштетилген чыгымдарын төлөө үчүн айыл өкмөтү тарабынан мыйзам чегинде 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы И.Маматовго жүктөлсүн.
3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине
жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
К.Кушбаков |