Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
2026-жылдын 28-июлу № 134
“Раззаков жана Максат айылдарындагы жаңы түптөлгөн конуштарга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекстин 95-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын угуп жана талкуулап чыгып Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XVI сессиясынын отурумунун №16 протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде, Кулунду айылдык кеңешитоктом кылат:
1. Кулунду айыл аймагына караштуу Раззаков жана Максат айылдарындагы жаңы түптөлгөн конуштарга 100 амперлик 2 даана акылдуу эсептегич алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 15 000(он беш миң) сомго макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кулунду айыл өкмөтүнүн https://www.kulundu.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |