Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IX сессиясы
2025-жылдын 13-октябрындагы № 9/52
Катуу тиричилик таштандыларын чогултуу жана кайра иштетүү системасын жакшыртуу максатында жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө
Катуу тиричилик таштандыларын чогултуу жана кайра иштетүү системасын жакшыртуу максатында 10 (он) гектар жер тилкесин таштанды талаа (мусур полигон) жайгаштыруу үчүн трансформациялоо маселеси сунушталды. Айылдык кеңеш депутаттарынын талкуусунун жыйынтыгында бул сунуш колдоого алынып, жерди белгиленген тартипте трансформациялоо зарыл деп табылды “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын корутундусун угуп талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынан бөлүнгөн 10 (он) гектар жер тилкеси катуу тиричилик таштандыларын жайгаштыруу жана кайра иштетүү үчүн таштанды талаа (мусур полигон) катары пайдалануу максатында трансформациялоого уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө жер тилкесин трансформациялоо боюнча тиешелүү документтерди даярдап, белгиленген тартипте тиешелүү органдарга жиберүү тапшырылсын.
3. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Төраганын убактылуу
- милдетин аткаруучу А.Кузебаев