АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 4-апрелиндеги № 5/24
Райышбеков Максатбекке материалдык жардам берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Ак-Суу айылынын тургуну Райышбеков Максатбек ден-соолугуна байланыштуу акча каражат жагынан жардам сурап кайрылган акча каражат менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн буйругунун жана Социалдык, жаштар, спорт, маданият маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун чечиминин негизинде мыйзам чегинде каралсын.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Социалдык, жаштар, спорт, маданият маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н. Кайдалиевке жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу