Редакцияот 18.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IV сессиясы

 

2025-жылдын 18-февралындагы № 4/17

 

Турак жай имараттарына жана курулмаларына салык

өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 18.02.2025- жылдагы №01-6/14 сандуу кайрылуу катына ылайык турак жай имараттарына жана курулмаларына салык өлчөмүн бекитүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы К. Сулайманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:

                                                            

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу турак жай имараттарына жана курулмаларына салык ставкасы 2025-2027-жылдарда колдонуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын сунушунун негизинде базалык салык наркы 30 (отуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамына жана бектилген салык ставкасына ылайык иш алып баруу жагы Ак-Суу айыл аймагынын айыл өмөтүнүн башчысы К. Сулайманкуловго милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:

 

  1. Ушул токтом расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.

 

 

Төрага М.Шаршеналы уулу