АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 4-апрелиндеги № 5/29
Социалдык пакет жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын V сессиясыда талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Ак-Суу айыл аймагындагы жер казынасын пайдаланып келген жеке ишерлер, Ак-Суу айылынын өнүгүшүнө жардам катары социалдык пакет эсебинен 200 (эки жүз миң) сом , 1 (бир) даан Хово унаасы менен ташкөмүр төлөп берүү жагы мыйзам чегинде суралсын.
- Жер казынасын пайдаланучу жеке ишерлер менен келишим түзүп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сулайманкуловко милдеттендирлисин .
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу