АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 2-июнундагы № 6/36
Көк-Кыя участкасындагы 2,60 га жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин кайрылуусу боюнча Көк-Кыя участкасында таш талкалоочу цех куруу максатында 2,60 (эки бүтүн он алты) гектар жер аянтын трансформациялоо тууралуу кайрылуусу.
Эске алынып: Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренеси, 20-беренеси жана 83-беренеси, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө мыйзамдардын негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Көк-Кыя участкасында жайгашкан 2,60 га айыл чарба багытындагы жер аянтын өндүрүштүк-техникалык максатта колдонуу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
- Аталган жер аянтында таш талкалоочу цех курулушу жүргүзүлсүн жана белгиленген тартипте тиешелүү экологиялык, архитектуралык жана техникалык документтер алынсын.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевге жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу