АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 4-апрелиндеги № 5/28
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы атайын техникалары жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сулайманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы атайын техникаларын “Ак-Суу муниципалдык” ишканага өткөрүлсүн.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин Агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Ашыралиевке жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу