Редакцияот 19.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

4-кезексиз сессиясы

  

2026-жылдын 19-август  №1 Куланак айылы.

 

                                         Кошумча план бекитип берүү  жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-пунктунун  негизинде  Учкун айылдык кенеши токтом кылат:

1. Учкун айыл аймагынын жергиликтүү салыктар боюнча бекитилип берилген пландан сырткары ашыкча болжолдуу 8 000 000 (сегиз миллион) сом акча каражатына төлөө коду 31121290 кошумча план алууга  макулдук  берилсин.

  2.Айыл өкмөтүнүн башчысына бул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү иш-аракеттерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика,муниципалдык менчик,өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана Мамлекеттик реестрге киргизилсин.

5. Токтом айыл аймагынын сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет

                                                                             

Төрага

К. Мамырбаев