АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 18-декабрындагы № 2/6
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн Типтүү регламентин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдыңча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 30-сентябрындагы №01-25/267 буйругун жетекчиликке алып, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн Типтүү регламентин
№1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
3. Ушул токтом Ак-Суу айылдык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы мыйзамдуулук комитетинин төрайымы А .Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | М.Шаршеналы уулу |