Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IX сессиясы
2025-жылдын 13-октябрындагы № 9/51
Ак-Суу айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-рестарандардын 22:00гө чейин иштөөсү боюнча чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасын аткаруу максатында Ак-Суу айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00гө чейин иштөөсүнө чектөө киргизип берүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнун 2025-жылдын 2-сентябрындагы №01-6/70 сандуу катынын негизинде Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн талкуулап Ак-Суу айыл аймагынынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
· 1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасын аткаруу максатында Ак-Суу айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00гө чейин иштөөсүнө чектөөгө макулдук берилсин.
· 2.Ак-Суу айыл өкмөтү участкалык ички иштер бөлүмү менен биргеликте кафе-ресторандардын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын.
· 3.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамында Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинде каралган беренелерин бузса кафе-ресторандардын ээлерине жоопкерчиликке тартып аларга айып пул салынсын.
Төраганын убактылуу милдетин аткаруучу А.Кузебаев