АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 4-апрелиндеги № 5/21
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”долбоору жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-мартындагы №01-6/22 сандуу кат боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сулайманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”долбоорунун алкагында “Хельветас Ассоциациясынан” келип түшкөн 125000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына отургузулсун.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу