АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 2-июнундагы № 6/33
Яма беккариге жер бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевдин билдирүүсүн угуп,
талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши: жерди пайдалануу жана пландоо боюнча жоболорду эске алуу менен, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шүкүр-Ата участкасынан яма беккариге (чатыр астындагы чуңкурга) колдонуу максатында пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
- Жер тилкесинин так чектери жана жайгашкан жери Ак-Суу айыл аймагынын башкы планына жана техникалык документтерге ылайык аныкталсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Дүшебаевага жүктөлсүн.
- Тиешелүү мамлекеттик органдарга жана тийиштүү кадастр мекемелерине бул чечим тууралуу маалымат жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевге жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу