АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 2-июнундагы № 6/39
2026–2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүү максатында патенттик негизде ишмердүүлүктү колдоо жана кеңейтүү тууралуу
Жергиликтүү бюджеттин туруктуу киреше булактарын камсыздоо жана айыл аймагындагы ишкердиктин өнүгүшүнө шарт түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Бюджеттик кодекс", "Патенттик төлөмдөр жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2026–2027-жылдарда жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелерди көбөйтүү максатында айыл аймагында патент менен иштөөнү кайрадан жандандыруу боюнча төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлсүн:
- А) Айыл аймагында ишмердүүлүгүн токтоткон же расмий катталбаган майда ишкерлерди кайрадан патенттик негизге өткөрүү үчүн маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Б) Аялдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн патенттик негизде чакан бизнес баштоого мотивациялык жана кеңеш берүү тренингдерин уюштуруу;
- В) Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, кызмат көрсөтүү (чачтарач, устакана, наабайкана ж.б.) сыяктуу тармактарды приоритеттүү багыт катары аныктоо.
- Айыл өкмөтү төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- Жаңы патент алып иштөөнү каалаган жарандарга укуктук жана салыктык кеңеш берүү;
- Патенттик төлөмдөрдүн ай сайын же квартал сайын төлөнүшүн көзөмөлдөө;
- Жергиликтүү ишкерлердин саны жана төлөгөн патенттери тууралуу маалыматтарды чогултуу жана анализдөө менен жылдык болжолдуу кирешени тактоо.
- Бюджеттик бөлүмгө милдеттендирилсин:
- 2026–2027-жылдарга карата айылдык бюджетке патенттен түшө турган кирешелер боюнча реалдуу план иштеп чыгуу;
- Жыл сайын айылдык кеңешке иштин жыйынтыгы боюнча отчёт берүү.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу