Редакцияот 19.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезекcиз ХXIII сессиясы

 

2026-жылдын 19-августу № 165

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-августундагы №01-4/9 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизүү жөнүндө төрага К.Шакировдун билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлгөн төмөнкү талапкер Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  тиркемеге ылайык бекитилсин.    (тиркеме тиркелет).
  1.  Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына сунушталсын.
  1. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

5.    Токтомду көзөмөлгө алуу жагы этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                             К.Шакиров

 

 

Суу-Башы айыл кеңешинин                         2026-жылдын “19”-августундагы                       VIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын №165 токтомуна №1 тиркеме

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) резервдик курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин сапаттык курамы 

№

Ф.А.А.А.

Туулган жылы, айы,  күнү

Билими

Улуту  

Жынысы

Иштеген жери, ээлеген кызматы

Шайлоо комиссиясында иштеген тажрыйбасы

(жыл, ай)

Ким тарабынан көрсөтүлгөн

Жашаган дареги, тел.№

Баткен облусу, Баткен району

Суу-Башы айылдык кеңеши

 

1

Камбаров Акынбек Осконович

16.01.1966

жогорку

кыргыз

эркек

Ж.Боконбаев атындагы орто мектеби, мугалим

3 жыл

Шайлоочулардын чогулушунан

Баткен району, Бужум айылы  0774288535

 

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы                                                                                      К.Шакиров