Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-февралы № 53/XI-29
2026-жылдын башына карата бюджеттик
каражаттардын эркин калдыгын бекитүү жөнүндө
Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле 2026-жылдын башына карата бюджеттик каражаттардын эркин калдыгын кароо жана бекитүү жөнүндө Кант шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 3-февралындагы № 01-16/678 катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
· Киргшелк, Люксембург айылдарынын 15 көчөсүнө көчө жарыктарын орнотуу – 9 014 760 (тогуз миллион он төрт миң жети жүз алтымыш) сом;
· Гагарин көчөсүнө темир-бетон пайдубалдарын орнотуу – 2 389 183 (эки миллион үч жүз сексен тогуз миң жүз сексен үч) сом;
· Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (МЧБУ) үчүн жаңы жылдык товарларды сатып алуу – 306 000 (үч жүз алты миң) сом;
· Тротуарларга капиталдык оңдоо жүргүзүү – 12 076 020 (он эки миллион жетимиш алты миң жыйырма) сом;
· Гагарин көчөсүнө жарыктандыруу орнотуу – 3 145 264 (үч миллион жүз кырк беш миң эки жүз алтымыш төрт) сом;
· Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (МЧБУ) үчүн тиричилик техникаларын сатып алуу – 1 163 500 (бир миллион жүз алтымыш үч миң беш жүз) сом;
· Басма жабдыктарын сатып алуу – 405 000 (төрт жүз беш миң) сом;
· Мектептер үчүн спорттук шаймандарды сатып алуу – 537 100 (беш жүз отуз жети миң жүз) сом;
· Күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) сатып алуу – 3961600 (үч миллион тогуз жүз алтымыш бир миң алты жүз) сом;
· Жалпы билим берүүчү мектептер (ЖБМ) үчүн эмеректерди сатып алуу – 526 500 (беш жүз жыйырма алты миң беш жүз) сом;
· «Ручеёк» мектепке чейинки билим берүү уюмун оңдоо – 1 958 000 (бир миллион тогуз жүз элүү сегиз миң) сом;
· № 1 жалпы билим берүүчү мектепте оңдоо иштерин жүргүзүү – 84 088 (сексен төрт миң сексен сегиз) сом;
· «Кант-Тазалык» муниципалдык ишканасы үчүн кошумча бөлүктөрдү сатып алуу – 120 500 (жүз жыйырма миң беш жүз) сом;
· Жабдууларды сатып алуу – 178 000 (жүз жетимиш сегиз миң) сом.
· - видеобайкоо камераларын орнотуу («Коопсуз шаар») – 2 401 316 (эки миллион төрт жүз бир миң үч жүз он алты) сом;
· долбоордук иштер (мектептердеги дааратканалар) – 270 000 (эки жүз жетимиш миң) сом;
· гезитке жазылуу – 54 900 (элүү төрт миң тогуз жүз) сом;
· баалоочунун кызмат көрсөтүүлөрү – 82 500 (сексен эки миң беш жүз) сом;
· топурактуу жолдорду толтуруу иштерин аткарууга алуу – 1 694 580 (бир миллион алты жүз токсон төрт миң беш жүз сексен) сом;
· “Жаштар аллеясындагы” тротуарларга утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүү – 187 055 (жүз сексен жети миң элүү беш) сом;
· СММ боюнча маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр – 225 000 (эки жүз жыйырма беш миң) сом;
· Гагарин көчөсүнө чырактарды сатып алуу (калдык) – 459 900 (төрт жүз элүү тогуз миң тогуз жүз) сом;
· таштанды чогултуучу аянтчаларды уюштуруу – 2 902 207 (эки миллион тогуз жүз эки миң эки жүз жети) сом;
· резина жабуусу бар 3 даана балдар аянтчаларын сатып алуу – 1 155 654 (бир миллион жүз элүү беш миң алты жүз элүү төрт) сом;
· ШМҮнүн ички бөлмөлөрүнө утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүү – 151 739 (жүз элүү бир миң жети жүз отуз тогуз) сом;
· мектепке чейинки билим берүү уюмдары (МЧБУ) үчүн тамак-аш азыктарын сатып алуу – 4 623 535 (төрт миллион алты жүз жыйырма үч миң беш жүз отуз беш) сом;
· мектептерде утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүү (жарыктандыруу шаймандарды, өчүргүчтөрдү, электр туташтыргычтарды, автоматтарды алмаштыруу) – 214 437 (эки жүз он төрт миң төрт жүз отуз жети) сом;
· мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жабдууларына утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүү – 41 322 (кырк бир миң үч жүз жыйырма эки) сом;
· жалпы билим берүүчү мектептердин жабдууларына утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүү – 34 029 (отуз төрт миң жыйырма тогуз) сом;
· мектепке чейинки билим берүү уюмдарында утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүү (аралаштыргычтарды алмаштыруу, челектерди, унитаздарды ж.б. оңдоо) – 343 797 (үч жүз кырк үч миң жети жүз токсон жети) сом;
· «Бактылуу Баластан» мектепке чейинки билим берүү уюмунда канализация тармагын оңдоо – 494 407 (төрт жүз токсон төрт миң төрт жүз жети) сом;
· катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чогултуу үчүн контейнерлерди сатып алуу – 519 996 (беш жүз он тогуз миң тогуз жүз токсон алты) сом;
· Куреңкеев көчөсүнө тротуар жасоо – 1850377 (бир миллион сегиз жүз элүү миң үч жүз жетимиш жети) сом.