Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 66/XIX-1
Кайыңды – Бишкек жана Кайыңды – Кара-Балта каттамдары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун тарифинин жогорулашына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 - беренесине ылайык, ошондой эле күйүүчү-майлоочу майлардын (бензин, дизелдик отун) жана автоунаалардын тетиктеринин бааларынын кымбаттагандыгына байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңеши,токтом кылат:
1.Кайыңды – Бишкек жана Кайыңды – Кара-Балта каттамдары боюнча
жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун тарифинин жогорулашына макулдук берилсин.
2. Кайыңды шаардык кеңеши тарабынан тарифтерди жогорулатууга макулдук берилгенден кийин, аларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополияга каршы жөнгө салуу кызматы (аймактык бөлүмү) менен макулдашуу жана антимонополиялык органдагы бардык милдеттүү жол-жоболордон 3 айдын ичинде өтүү «Жумадил» ЖЧКсына жүктөлсүн.
3. Кайыңды – Кара-Балта маршрутунун каттам схемасын өзгөртүүгө макулдук берилсин. Бул маселе боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу компетенттүү органдарга сунуш киргизүү Кайыңды шаарынын мэриясына, ал эми каттамдын жаңы схемасын практикалык түрдө киргизүүнү камсыз кылуу «Жумадил» ЖЧКсына тапшырылсын.
4.Ушул токтом каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Н.Капалов |