Редакцияот 22.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы

 

2023-жылдын 22 ноябры  № 23

Көчөгө ат коюу  жөнүндө

 

      Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 20.11.2023-жылдагы №01-19/1141 чыгыш сандуу  Кайың-Суу айылынын тургундарынын 28.09.2023-жылдагы элдик жыйынынын негизинде Кайың-Суу айылынын борбордук көчөсүнө Сулайманов Жаныштын атын коюу боюнча жазган  кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап  Каныш-Кыя айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Суу айылынын борбордук көчөсүнө Чаткал районунун “Ардактуу атуулу” Сулайманов Жаныш Сулаймановичтин ысымы ыйгарылсын.

2. Кочөгө  ысымы берилген жарандын  атын жазып, көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу Ж.Сулаймановдун  уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.

  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Кайың-Суу айылынын айыл башчысы К.Абасовго тапшырылсын.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

  5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя  айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

М.Ш. Аликеев