АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 2-июнундагы № 6/31
Ак-Суу айыл аймагынын башкы планын иштеп чыгуу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты жергиликтүү бюджетке киреше жана чыгаша бөлүмүнө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, ошондой эле республикалык бюджеттен 2025-жылы Ак-Суу айыл аймагынын башкы планын даярдоого бөлүнгөн 12 610 900 (он эки миллион алты жүз он миң тогуз жүз) сом каражат түшкөндүгүнө байланыштуу, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2025-жылга Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 12 610 900 (он эки миллион алты жүз он миң тогуз жүз) сом киреше катары кабыл алынсын.
- Жогоруда көрсөтүлгөн сумма Ак-Суу айыл аймактын башкы планын иштеп чыгуу максаты менен чыгаша бөлүгүнө да тийиштүү беренелер боюнча киргизилсин.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу