АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 2-июнундагы № 6/32
2025-жылдын 2-майында болгон сел кырсыгынын кесепетинен жабыр тарткан Коргон-Добо айылынын тургуну Боронбаева Акмаралга материалдык жардам берүү жөнүндө
2025-жылдын 2-май күнү болгон катуу жаан-чачындын натыйжасында Коргон-Добо айылында сел жүрүп, бир катар үйлөр жана мүлк жабыркаган. Аталган кырсыктан Коргон-Добо айылынын тургуну Боронбаева Акмарал да оор материалдык жоготууларга дуушар болгон. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2025-жылдын 2-майындагы сел кырсыгынын кесепетинен жабыр тарткан айыл тургуну Боронбаева Акмаралга бир жолку айыл өкмөтүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша материалдык жардам берилсин.
- Материалдык жардам айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдарга каралган резервдик фондунан каралсын.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу