КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы
2023-жылдын 22 ноябры № 25
Көчөгө ат коюу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 20.11.2023-жылдагы №01-19/1145 чыгыш сандуу Жер-Капчыгай айылынын тургундарынын 10.11.2023-жылдагы элдик жыйынынын негизинде “Водозаборная” көчөсүнүн атын өзгөртүп Тотонов Субаналынын атын коюу боюнча жазган кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айылынын ички көчөсүнө “Коомдук ишмер” Тотонов Субаналы Тотоновичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Кочөгө ысымы берилген жарандын атын жазып, көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу С.Тотоновдун уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Жер-Капчыгай айылынын айыл башчысы Э.Сатикеевге тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М.Ш. Аликеев |