АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясы
2025-жылдын 2-июнундагы № 6/34
“Север Кең” ЖЧК жетекчиси Э.Чомоевдин арызы боюнча Жыл-Булак участкасынан таш көмүр кенин казып иштетүүгө №7490 СЕ лицензияга тиешелүү 26,8 га жер тилкесин пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жер жөнүндө" жана "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, ошондой эле “Север Кең” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э.Чомоевдин Жыл-Булак участкасында таш көмүр кенин казып иштетүү боюнча №7490 СЕ лицензиясы боюнча кайрылуусунун негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Север Кен” жоопкерчилиги чектелген коомунун Жыл-Булак участкасынан таш көмүр кенин казып иштетүү үчүн №7490 СЕ лицензияга тиешелүү 26,8 гектар жер тилкесин пайдаланууга макулдук берилсин.
- Жер тилкесин пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүгө жана экологиялык, санитардык талаптар толук сакталышына тийиш.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевге жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу