Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН 28 ЧАКЫРЫЛЫШЫ

 

2024-жылдын 23 - августу № 61

Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана

маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү тартиби жөнүндө Жобо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгын аткаруу максатында Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү тартиби жөнүндө жобо кабыл алынсын;

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү социалдык суроолор, билим берүү, саламаттык сактоо, дене-тарбия жана экология боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9661.pdf расмий сайтында жарыяланды

 

 

Сүймөнкул Чокморов

айылдык кеңешинин төрагасы

 

Н.Мажитов