АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясы
2025-жылдын 1-августундагы № 7/43
Кызматтык автотранспорт каражатын лизингге сатып алуу жөңүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн башчылары үчүн 178 (жүз жетимиш сегиз) бирдик сананында кызматтык автотранспорт каражаттарын лизингге сатып алуу жөңүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т аткарууга алуу үчүн Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөттөрү "Мамлекеттик лизинг компаниясы" ачык акционердик коомунун катышуусунда лизинг келишимдерин түзүүгө уруксат берилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы белгиленген тартипте лизинг келишимдерин түзүп, лизингдик милдеттенмелердин өз учурунда жана толук аткарылышын камсыз кылууга милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу