КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык
иш чарасынын аткарылышы жөнүндө
2024-жыл 12-февралындагы № 17/2
2023-жылга Кербен шаарынын жергиликтүү бюджетинин
аткарылышы жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин
2-пунктуна ылайык 2023-жылга Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2023-жылга Кербен шаарынын бюджети аткарылышы
-Киреше бөлүгү 93202,0 миӊ сом суммасында (тиркеме № 1).
-Чыгаша бөлүгү 97203,0 миӊ сом суммасында (тиркеме № 2).
-2023-жылдын 1-январына калган бюджеттик калдык - 22556,1 миӊ сом
Резервдик фонддун чыгымы – 663,5 миӊ сом суммасында белгиленсин.
2. Атайын каражат:
-Киреше бөлүгү – 11456,6 миӊ сом суммасында (тиркеме № 4)
-Чыгаша бөлүгү – 11427,8 миӊ сом суммасында (тиркеме 5)
-2023-жылдын 1-январына калган атайын каражат эсебиндеги калдык 476,8 миӊ сом суммасында аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2023-жылдын бюджетин аткарууда кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүү жагы Э.Зияйдиновго жүктөлсүн. 2024-жылдын
май айына чейин кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча шаардык
Кеӊешке маалымат берилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн
Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин
күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет
боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Мавляновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев