КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
12-февральндагы 2024-жыл № 17/4
2024-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык
иш чаралары жөнүндө
Кербен шаарынын мэри Э.Зияйдиновдун 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү иш чараларынын түзүлүшү жөнүндө билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 34-беренесине негиз, маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. 2024-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чарасы бекитилсин (тиркелет).
2. Кербен шаарынын мэриясына тапшырылсын:
- Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш чараларын түзүп, каражат бөлүүдө айылдар арасында теӊдештик принцибин сактоо;
- “Кербен суу канал”, Кербен Тазалык жана Кѳрктѳндүрүү муниципалдык ишканасына колдоо көрсөтүү максатында бѳлүнгѳн субсидиянын максаттуу пайдалануусун кѳзѳмѳлдѳѳ иштерин жүргүзүү;
- Мэриянын алдында коомчулуктун, депутаттарды жана күч органдарын, раймамадминистрациянын өкүлдөрүн катыштыруу менен мыйзамсыз берилген жерлер, боюнча комиссия түзүп иш алып баруу;
- Кербен шаарынын Кыдыралиев кѳчѳсүнүн тургуну Р.Момуновдун мыйзамсыз тосуп алган жерине чыккан соттук чечимдерин акыйкаттуулугун изилдеп чыгуу үчүн кайрадан укуктук баа берүүгѳ иликтеп чыгуу үчүн кайрылууларды жасоо;
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Мавляновго жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы Ж.Омуралиев