Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин

VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы

 

              12-февральндагы 2024-жыл      № 17/5

 

Кербен шаарынын тургуну Надырбеков Жанарбек Канатбековичке «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

 

Кербен шаарынын тургуну Надырбеков Жанарбек Канатбековичке «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын Кербен шаардык Кеңешиндеги фракциясынын 29.01.2024-жылдагы №2 Протоколу, 08.02.2024-жылдагы Кербен шаарынын мэриясынын №01-20/129 сандуу сунуштарын, өмүр баянын, эмгек жолун, алган сыйлыктары кошкон салымын эске алып, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын

8-февралындагы № 56 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы

 

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарынын тургуну Надырбеков Жанарбек Канатбековичке

          «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамы берилсин.

  1. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Дербишовага жүктөлсүн.

  

 

           

Кербен шаардык

Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев