Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин

VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы

 

                      12-февральндагы 2024-жыл  № 17/7

 

Кербен шаарынын мэриясына келген кызматтык автоунааны

муниципалдык менчиктин балансына алууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кербен шаарынын мэринин 31.01.2024-жылдагы № 01-20/86 сандуу кайрылуусун Жергиликтүү ѳз адынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, «Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-17-беренелерине ылайык, Кербен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине 2007-жылы чыгарылган «Toyota Camry» үлгүсүндѳгү кызматтык автоунаасын муниципалдык менчиктин балансына алууга макулдук берүү боюнча Кербен шаардык Кеӊештин бюджет, финансы, пландоо жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 31-январындагы № 37 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы

 

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине келген 2007-жылы чыгарылган «Toyota Camry» үлгүсүндѳгү кызматтык автоунаасы муниципалдык менчиктин балансына алууга макулдук берилсин.
  2. Кербен шаарынын мэриясы:

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы тарабынан берилген кызматтык автоунаасын муниципалдык менчиктин балансына ѳткѳрүү үчүн «Унаа» мекемесинен каттоолорду жүргүзсүн.

Кызматтык автоунаанын баланстык тактамасына ылайык мэриянын

балансалык отчетуна киргизүү ФЭБ бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.

 

3.    Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүy

 

 

  1. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеӊештин бюджет, финансы, пландоо жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Б.Мавляновго жүктөлсүн.

  

              Кербен шаардык

Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев