Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кербен шаардык Кеӊешинин

VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы

 

                          12-февральндагы 2024-жыл № 17/9

 

Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасы Ж.Омуралиевдин ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу арызы жөнүндө

 

 

Кербен шаардык Кеӊешинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу максатында, Омуралиев Женишбек Кубатбековичтин ѳз ыктыяры менен мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотуу жѳнүндѳ 08.02.2024-жылда жазган ѳз арызына негиз жана «КР Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 8-пунктчасына негиз, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы

 

                                     ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаардык Кеӊешинин тѳрагасы Омуралиев Женишбек Кубатбековичтин ѳз арызына ылайык ыйгарым укуктары токтотулсун.

 

  1. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн

           Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

.

  1. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялансын. 

 

 

 

Кербен шаардык Кеӊешинин

тѳрагасынын орун басары: Мамытов Ч.