Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кербен шаардык Кеӊешинин

VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы

 

        12-февральндагы 2024-жыл № 17/10

 

Кербен шаардык Кеӊешинин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө

 

 

Кербен шаардык Кеӊешинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу максатында, эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 12-февралындагы №2 протоколуна жана «КР Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын

34-беренесинин 2-пунктунун 8-пункчасына негиз, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы

 

                                     ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаардык Кеӊешинин эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 12-февралындагы Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасын шайлоонун натыйжалары жөнүндө» №2 протоколу бекитилсин.
  2. Кербен шаардык Кеӊешинин төрагалык кызматына катышкан эки талапкер бирдей добуш алып шайланбай калгандыгына байланыштуу кайрадан шайлоо ѳткѳрүү жагы 2024-жылдын 16-февралына белгиленсин.
  3. Кербен шаардык Кеңешинин тѳрагалык кызматын убактылуу аткаруу жагы депутат Омуралиев Жеңишбек Кубатбековичке жүктѳлсүн.
  4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялансын.

 

 

Кербен шаардык Кеӊешинин

сессиясын алып баруучу: Досалиев К.