Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-сентябры № 620
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 49 «Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Качкындын жол жүрүү документин тариздөөнүн жана берүүнүн административдик жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 49 «Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт «жекелештирүүнү жүргүзүүгө» деген сөздөрдөн кийин «жана берүүгө» деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жободо:
– 1-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1-глава. Жалпы жоболор
1. Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында качкын деп таанылган адамга берилүүчү качкындын жол жүрүү документин жекелештирүү, даярдоо, эсепке алуу, берүү, алмаштыруу, алып коюу жана жок кылуу документтерин кабыл алуу жана тариздөө жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары – АМС) – качкындардын маалыматтарын чогултууга, сактоого, өткөрүп берүүгө жана иштетүүгө байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болгон система;
анкета-арыз – электрондук түрдө таризделген, өтүнүч билдирген адамдын жеке маалыматтарын камтыган документ;
аймактык бөлүмдөр – качкындын жол жүрүү документин жекелештирүү үчүн документтерди кабыл алууну, тариздөөнү жүргүзүүчү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин аймактык бөлүмдөрү;
жекелештирүү борбору – жол жүрүү документтерин жекелештирүүнү жүргүзүүчү, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемесинин карамагындагы жекелештирүү бөлүмү;
санариптик колтамга (мындан ары – СК) – санариптик формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) ага логикалык жактан байланышкан жана санариптик документтин өзгөрбөстүгүн камсыз кылуу жана санариптик документтин авторун аныктоо үчүн колдонулган санариптик формадагы маалымат;
жол жүрүү документи – «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык качкын деп таанылган адамдын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусу жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү үчүн арналган белгиленген формадагы документ, ал улуттук паспорттун ордуна ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ катары колдонулушу мүмкүн.