Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июлу № 01-5/ 106
Күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XVIII cессиясы, шаардык Кеңешинин депутаты Мамашов Асылбектин шаарыбызда спорт залдын жоктугун жана курууга жер маселеси орчундуу болуп жаткандыктан, 2024-жылдын 12-сентябрындагы «Кыргызнефтегаз» ишканасына берилген жер тилкеси ушул күнгө чейин бош жаткандыктан № 01-5/228 токтомун жокко чыгарып берүү боюнча кайрылуусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
токтом кылат:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутатты Мамашов Асылбектин кайрылуусу эске алынсын.
2. 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 01-5/228 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. «Нефтчи» футбол талаасынын күн чыгыш тарабындагы 3000м2(үч миң метр квадрат) жер аянтты муниципалдык менчике өткөрүлүп алынсын жана мамлекеттик акт даярдалсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэрине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
С.П.Маматкулов
|