КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-августундагы № 01-5/ 113
№ 2192 «Рахманжан» участкалык шайлоо
комиссиясынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы, № 2192 «Рахманжан» шайлоо участогу Кочкор-Ата шаарынын Ленин көчөсүнүн № 4/1 дарегинде «Кочкоратаайылкурулуш» ААКнун имаратында жайгашып, шайлоо процесси аталган имаратта өткөрүлүп келген, азыркы күндө имарат «Taliev Academy» жеке менчик мектебинин ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Ушуга байланыштуу № 2192 «Рахманжан» шайлоо участогун Кочкор-Ата шаарынын мэриясы, жарандар үчүн добуш берүү учурунда ыңгайлуу шарттарды түзүү, шайлоо процессин талаптагыдай уюштуруу максатында, № 2192 «Рахманжан» шайлоо участогун Кочкор-Ата шаарынын Ломоносов көчөсүнүн № 14 дарегинде жайгашкан муниципалдык № 47 «Ландыш» балдар бакчасынын имаратына жайгаштыруу чечимин кабыл алып берүү боюнча 2026-жылдын 21-августундагы чыгыш № 01-28/3008 сандуу каты менен кайрылган кайрылуусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
токтом кылат:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 21-августундагы чыгыш № 01-28/3008 сандуу кайрылуу каты эске алынсын.
2. № 2192 «Рахманжан» участкалык шайлоо комиссиясы Кочкор-Ата шаарынын Ломоносов көчөсүнүн № 14 дарегинде жайгашкан муниципалдык № 47 «Ландыш» балдар бакчасынын имаратына которулсун.
3. № 2192 «Рахманжан» шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү боюнча Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына билдирилсин.
Төрага
С.П.Маматкулов
|