Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 27-июлу №20/1
Макам берүү жөнүндө
Тендик айылынын Кара-Кужур өрөөнүндөгү Чон-Булак участогундагы калктуу конушка айыл макамын берүү тууралуу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын администрациялык–аймактык түзүлүшү жөнүндө» мыйзамынын, «Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Тендик айылынын Кара-Кужур өрөөнүндөгү Чон-Булак участогундагы калктуу конушка айыл макамын берүү тууралуу 2026-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн элдин жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Тендик айылынын Кара-Кужур өрөөнүндөгү Чон-Булак участогундагы калктуу конуш Чон-Булак айылы деп аталсын.
3. Жогоруда аталган айылга макам берүү жана катоодон өткөрүү жагын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентинин жергиликтүү органдар менен өз ара кызматашуу бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика, укук жана мыйзамдулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |