Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХVIII СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-июну № 29
Арал айылындагы 10 га жана 39,1 га жерди аукцион аркылуу
арендага берүү жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин жана 39 беренесине ылайык, Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 15.05.2026-жылдагы чыгыш №01-35/1540 сандуу сунушун жана айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап II чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 15.05.2026-жылдагы чыгыш №01-35/1540 сандуу сунушу жана айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Арал айылындагы өнөр жай, транспорттук, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которулган 10 га жана 39,1 га жерди аукцион аркылуу арендага берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Адылбек уулу Бактыбекке милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы (Г.Акматовага) бул токтомду катоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен ченемдик укутук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Жалал-Абад облусттук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
|
А.Тешебаев |