Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХVIII СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-июнь № 31
“Элдик банк” ачык акционердик коомунун Ноокен филиалынын
жанындагы Токтогул №4 көчөсүндөгү 600 м.кв жерди ижарага
берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин жана 39 беренесине ылайык, Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 18.05.2026-жылдагы чыгыш №01-35/1975 сандуу каты жана айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап II чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
токтом кылат:
1. “Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 18.05.2026-жылдагы чыгыш №01-35/1975 сандуу каты жана айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. “Элдик банк” ачык акционердик коомунун Ноокен филиалынын жанындагы Токтогул №4 көчөсүндөгү 600 м.кв. жерди оперативдүү башкарууга 5 жылдык мөөнөткө “Элдик банк” ачык акционердик коомунун Ноокен филиалына берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомду аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн алдындындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору С.Давитбековго жана Д.Садырбаев айыл өкмөтүнун башчысы Адылбек уулу Бакытбекке милдеттендирилсин.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы (Г.Акматовага) бул токтомду катоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен ченемдик укутук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Жалал-Абад облусттук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
|
А.Тешебаев |