Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз
XVIII сессиясы
2025-жылдын 12-ноябрындагы №78
А.Козубеков атындагы Эс алуу багынан 2 га жер аянтын спорт багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.Ш.Дарманованын 10.11.2025-жылдагы 01-18/2951 сунушу “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиясынын 11.11.2025-жылдагы жыйналышында каралган. Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, башка маалыматтарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, А.Козубеков атындагы атындагы эс алуу багынан (Э.Ормонов атындагы стадиондун чыгыш-түштүк тарабынан) 2 га жер тилкесин спорт багытына өзгөртүүгө, ал жерге машыгуучу футбол аянтчасын курууга макулдук берилгендиги белгиленсин.
2.Жердин максаттуу багытын өзгөртүүгө байланышкан бардык иштер тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3.Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучуга (Т.Ш.Дарманова) милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Ч.Иманбаев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
Төраганын орун басары : |
У.К.Тойчубеков |