Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз
XVIII сессиясы
2025-жылдын 12-ноябрындагы №79
Токтогул райондук “Кара-Каш”социалдык стационардык мекемесине 0,35 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.Ш.Дарманованын 11.11.2025-жылдагы 01-18/2980 сунушу “Муниципалдык менчик, жерлер ( айыл чарба багытындагы, жайыт, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ж.б жерлер), курулуш иштери, суу чарбасы, энергетика, жол байланышы боюнча” туруктуу комиссиясынын 11.11.2025-жылдагы жыйналышында каралган.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, маалымат берүүчүлөрдү угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Кызыл-Туу айылына караштуу аймакта жайгашкан “Кара-Каш” мекемесине кире бериштеги жолдун түндүк-батыш тарабынан, айыл чарба багытындагы контур №5551 жалпы 4,8 га жер аянтынан 0,35 га жер аянтын “Кара-Каш” социалдык стационардык мекемесине ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Берилген жер аянты багар-көрөрү жок карылар жана майыптардын жашоо шартын жакшыртуу максатында эс алуучу сейил бак, административдик имарат куруу багытында гана колдонулсун.
3. Жердин максаттуу багытын өзгөртүүгө байланышкан бардык иштер тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучусуна (Т.Ш.Дармановага) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Ч.Иманбаев) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
Төраганын орун басары : |
У.К.Тойчубеков |