Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз
XVIII сессиясы
2025-жылдын 12-ноябрындагы №80
Токтогул шаарынын мэриясынын чарбалык иштери үчүн лизингге атайын техникаларды алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул шаардык мэриясынын чарбалык ишин камсыз кылуу жана муниципалдык милдеттерди аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Т.Ш.Дарманованын 11.11.2025-жылдагы № 01-18/2981 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 11.11.2025-жылдагы жыйналышында каралган.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэриясынын керектөөлөрү үчүн «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКсы аркылуу төмөндөгү атайын техникаларды лизингге алууга макулдук берилсин:
1) 14м3 FAW таштанды ташуучу унаа - 39 500 (отуз тогуз миң беш жүз) АКШ доллары;
2) 14м3 FAW таштанды ташуучу унаа - 39 500 (отуз тогуз миң беш жүз) АКШ доллары;
3) 10м3 FAW канализация тазалоочу унаа - 31 800 (отуз бир миң сегиз жүз) АКШ доллары.
2. Жогорудагы техникаларды лизингге алуу боюнча чыгымдарды каржылоо Токтогул шаардык мэриясынын бюджетинен төмөнкүдөй өлчөмдөрдө керектелүүчү суммалар 2025- 2030-жылдардагы бюджеттин долбоорлоруна киргизилсин, Токтогул шаардык кеңешинин чечими менен бекитилсин:
- 2025-жылы - 2 760 612,45 (эки миллион жети жүз алтымыш миң алты жүз он эки сом 45 тыйын) сом, төлөө 4-кварталда бекитилген график боюнча жүргүзүлсүн;
- 2026-жылы — 2 710 888,00 (эки миллион жети жүз он миң сегиз жүз сексен сегиз);
- 2027-жылы — 2 508 918,00 (эки миллион беш жүз сегиз миң тогуз жүз он сегиз);
- 2028-жылы — 2 313 255,00 (эки миллион үч жүз он үч миң эки жүз элүү беш);
- 2029-жылы — 2 115 809,00 (эки миллион, бир жүз он беш миң, сегиз жүз тогуз);
- 2030-жылы — 1 918 363 (бир миллион тогуз жүз он сегиз миң, үч жүз алтымыш үч);
3. Алгачкы төлөмдүн өлчөмү 997 200 (тогуз жүз токсон жети миң эки жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин, ал арыз жактырылган күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКнын учурдагы эсебине чегерилсин.
4. Токтогул шаарынын мэриясы техникаларды эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө байланышкан бардык чыгымдар мэриянын өз каражаттарынын эсебинен каржылансын, анын ичинде:
- бажы алымдары жана жыйымдары;
- транспорт каражатын мамлекеттик каттоо;
- камсыздандыруу;
- жабдуулар бузулганда, зыянга учураганда же толук жоголгондогу чыгашалар.
5. Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучуга (Т.Ш.Дарманова) «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК менен бардык зарыл болгон келишимдерге кол коюу жана бул маселе боюнча Токтогул шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын коргоо укугу берилсин, токтомду аткарууга алсын.
6. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучуга (Т.Ш.Дарманова) милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (Н.Нурканов) жүктөлсүн.
8. Токтом мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары : |
У.К.Тойчубеков |