Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХVIII СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-июнь № 33
Муниципалдык тазалык ишканасына таштанды полигонун
рекультивациялоо иштерине каражат бөлүү жана жумуштардын
сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык, айыл аймагынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу, санитардык-эпидемиологиялык абалын жакшыртуу жана таштанды төгүүчү жайды (полигонду) калыбына келтирүү максатында, лицензиялык төлөмдөрдөн (жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар боюнча кармалган чегерүүлөрдөн) жергиликтүү бюджетке түшкөн пландан ашыкча каражаттарды багыттоо боюнча айылдык кеңештин бюджет, экономика, каржы боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Д.Садырбаев айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз ХVIII
токтом кылат:
1. Таштанды полигонун рекультивациялоо иштерин жүргүзүү үчүн сунушталган 840 774 (сегиз жүз кырк миң жети жүз жетимиш төрт) суммасындагы жумуштардын сметасы бекитилсин.
2. Бекитилген сметага ылайык, «Масы-Тазалык» муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин лицензиялык төлөмдөрдөн түшкөн пландан ашыкча каражаттарынын эсебинен 840 774 (сегиз жүз кырк миң жети жүз жетимиш төрт) өлчөмүндөгү акча каражаты максаттуу субсидия катары бөлүнүп берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө бөлүнгөн 840 774 (сегиз жүз кырк миң жети жүз жетимиш төрт) сом акча каражатын өз убагында каржылоо жана белгиленген тартипте муниципалдык ишкананын атайын эсебине которуу жагы тапшырылсын.
4. «Масы-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчисине О.Маканбаев бөлүнгөн каражаттарды бекитилген сметага ылайык, бир гана таштанды полигонун рекультивациялоо иштерине максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу милдети жүктөлсүн. Аткарылган жумуштардын актылары (Форма №2) жана каражаттын чыгымдалышы боюнча каржылык отчет 2026-жылдын 10- июлга чейин айылдык кеңешке сунушталсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
|
А.Тешебаев |