Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз
ХVIII сессиясы
2026-жылдын 19-июну №34
«Масы-Тазалык» муниципалдык ишканасына субсидия бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык, айыл аймагындагы санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык абалды жакшыртуу жана муниципалдык ишкананын каржылык абалын колдоо, калкка үзгүлтүксүз тазалык кызматтарын көрсөтүү максатында, айылдык кеңештин бюджет, экономика, каржы боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Д.Садырбаев айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз ХVIII токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу, экологиялык жана тазалык иш-чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында «Масы-Тазалык» муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 083 000 (эки миллион сексен үч миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты максаттуу субсидия катары бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө бөлүнгөн 2 083 000 (эки миллион сексен үч миң) чыгашалар беренесине киргизүү жана муниципалдык ишкананын атайын эсебине которуп берүү жагы тапшырылсын.
3. «Масы-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчисине О.Маканбаев бөлүнгөн 2 083 000 (эки миллион сексен үч миң) субсидияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бир гана белгиленген максаттарга (ишкананын өндүрүштүк чыгымдарына, тазалык иштерине) натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу милдети жүктөлсүн.
4. Бөлүнгөн каражаттын максаттуу жумшалышы, аткарылган жумуштар жана каржылык чыгымдар боюнча толук отчет 2026-жылдын 1-июлга чейин айылдык кеңештин кароосуна сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А. Тешебаев |