Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХVIII СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-июнь № 35
“Көп кабатуу үйлөр куруу үчүн алган жердин ээлерине
компенсация бөлүү жөнүндө”
Д.Садырбаев айыл аймагынын аймагында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында бөлүнүп берилген айыл чарба багытындагы жер тилкесинде мурда айдалган көп жылдык өсүмдүктөрдүн (беде) зыяндарын аныктоо жана баалоо боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн убактылуу түзүлгөн комиссиясынын 15.06.2026-жылдагы протоколун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 66,68-беренелерине жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, жана айылдык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Д.Садырбаев айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз ХVIII
токтом кылат:
1. Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн убактылуу түзүлгөн комиссиясынын 15.06.2026-жылдагы протоколу бекитилсин.
2. МИК тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү курууга алынган жер тилкесине беде эгип, чыгымга учураган төмөнкү 4 (төрт) жарандын (дыйкандардын) ар бирине 25 000 (жыйырма беш миң) сомдон, жалпы суммасы 100 000 (бир жүз миң) сом өлчөмүндө акчалай компенсация бөлүнүп берилсин:
3. Бөлүнгөн 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражатын төлөп берүү Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин резервдик фондунун эсебинен каржылансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана акча каражатын жарандардын өздүк банктык эсептерине мыйзамдуу которуу жагы Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысына жана башкы бухгалтерине милдеттендирилсин.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы (Г.Акматовага) бул токтомду катоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен ченемдик укутук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Жалал-Абад облусттук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
|
А.Тешебаев |