Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын
айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2026-жылдын 9-апрели №17/111
Кум шагыл казып алууга макулдук берүү жөнүндө.
Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 08.04.2026-жылдагы №2.2.4/111 каты жана «№41 Жол-Тейлөө ишканасы» филалынын 07.04.2026-жылдагы №26 катын боюнча Эмгекчил айылындагы №1050-контурундагы жерден Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы Жер казынасы жөнүндө №49 мыйзамынын 35-беренесинин 4-пунктуна ылайык макулдук берүү үчүн Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын II кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Эмгекчил айылындагы №1050-контурунда жайгашкан жерден Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 346 чакырымына айланма жолун курууга асфальтбетон катмарынын алдына төшөлүүчү кум шагылдан 7341 м3 казып алууга Нарын районунун “№41 Жол-тейлөө ишканасы” филалына макулдук берилсин.
2. №1050-контурунда жайгашкан жерден алынган 7341 м3 кул шагылдын оордун калыбына келтирүү (рекультивация) жагы Нарын районунун “№41 Жол-тейлөө ишканасы” филалына милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
4. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: |
И. Мукамбетов |