Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН II ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХVIII СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-июнь № 36
Эски-Масы айылындагы жакынкы жайыт жерден 0,80 га жерди
социалдык объект курууга макулдук берүү жана муниципалдык
менчикке алуу жөнүндө.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренисинин 22 пунктуна ылайык, Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 10.06.2026-жылдагы чыгыш №01-35/1876 сандуу сунушун жана айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап II чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
токтом кылат:
1. Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 10.05.2026-жылдагы чыгыш №01-35/1876 сандуу сунушу жана айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Д.Садырбаев айыл аймагынын Эски-Масы айылындагы жакынкы жайыт жерден 0,80 га жерди социалдык объект куруу үчүн багыт өзгөртүүгө макулдук берилсин жана муниципалдык менчикке алынсын.
3. Тиешелүү документтерди даярдоо, ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында иш алып баруу жагы Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн алдындындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору С.Давитбековго жана Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Адылбек уулу Бакытбекке милдеттендирилсин.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы (Г.Акматовага) бул токтомду катоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен ченемдик укутук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Жалал-Абад облусттук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
А.Тешебаев |