Загрузка документа…
АРСТАНБАП-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
Токтому
2025-жылдын 14-августу №1
Арстанбап-Ата айыл Өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы З.Укубаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 37989,7 миң сом жана чыгаша бөлүгү 22038,8 миң сомго аткарылышы “канаттандырарлык” деп табылсын.
2. Айтылган сын-пикир, суроо талаптардын аткарылышы боюнча иш алып баруу СЭӨБ башчысы З.Укубаевага жана Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу И.Чолпановго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ж.Абдухалилов
|